Текшерүүнүн жыйынтыгы менен колбасаларды өндүрүүдө шарият боюнча уруксат берилген чийки зат жана тамак-аш кошулмалары гана колдонулары аныкталган.
«Ал Халал» компаниясы – бул ар дайым жогорку сапаттагы жана эң сонун даамы бар колбасалардын (кайнатылган, ышталган), сосискалардын жана эт деликатестеринин кеңири ассортиментин сунуш кылган ийгиликтүү өнүгүп жаткан ишкана.
Өндүрүштүн сыры 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар технологдордун оригиналдуу фирмалык рецепттеринде жатат.
«Ал Халал» азыктарынын негизги артыкчылыгы – даамдуу, пайдалуу жана сапаттуу азыкты өндүрүүгө умтулуу.
«Ал Халал» азыктарынын кеңири ассортименти Австриядан, Германиядан жана Россиядан келген табигый татымалдарды колдонуу менен уйдун, жылкынын жана тооктун этинен даярдалат. Ыштоо үчүн атайын Польшадан жана Германиядан келген табигый эмен жана бук жыгачы колдонулат.
Завод продукциянын сапатын катуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бере турган Европанын заманбап жабдуулары менен жабдылган.