Лаваштагы бургер даярдайбыз

Керектелүүчү азыктар:

Алхалал бургер котлеталары
Лаваш
Бадыраң
Помидор
Салат жалбырактары
Сметана
Туз
Моцарелла сыры

Даярдоо ыкмасы:
1. Котлеталарды эки бетинен 8–10 мүнөттөй кууруп бышырабыз. Үстүнө сырдан бир кесим коюп, эритебиз.
2. Лавашты сметана менен майлап (кааласаңар майонез же кетчуп кошсоңор болот), үстүнө салат жалбырактарын, бадыраңды, помидорду жана котлетаны жайгаштырабыз. Видеодогудай кылып оройбуз.
3. Оролгон лавашты эки бетинен тең кызарта кууруп алабыз.

Даамдуу, жеңил жана бат даярдалган бургер даяр!